Институт компьютерных технологий и искусственного интеллекта
Загрузка

КТЖИИ директору Амантур Рыспаевдин жаңы жылдык куттуктоосу

КТЖИИ директору Амантур Рыспаевдин жаңы жылдык куттуктоосу

Урматтуу кесиптештер, кадырлуу профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер!

Сиздерди кирип келе жаткан жаңы 2026-жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Өтүп бара жаткан жыл Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институту үчүн олуттуу жетишкендиктерге, жаңы демилгелерге жана жоопкерчиликтүү милдеттерге бай жыл болду. Сиздердин талыкпаган эмгегиңиздердин, жогорку кесипкөйлүгүңүздөрдүн жана биргелешкен аракеттериңиздердин аркасында институтубуз билим берүү, илимий-изилдөө жана эл аралык кызматташтык багыттарында маанилүү жыйынтыктарга жетише алды.

Айрыкча, маалыматтык технологиялар жана жасалма интеллект тармагындагы илимий изилдөөлөрдүн активдешүүсү, эл аралык долбоорлорго катышуу, жогорку импакт-факторлуу журналдарда илимий макалалардын жарыяланышы институттун академиялык аброюн жогорулатууга өбөлгө түздү. Бул – сиздердин интеллектуалдык потенциалыңыздардын жана кесиптик жоопкерчилигиңиздердин айкын далили.

Жаңы жылда ар бириңиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, чыгармачыл ийгиликтерди жана жаңы илимий жетишкендиктерди каалайм. Алдыбыздагы жылы да бир максатта биригип, институтубуздун өнүгүүсүнө, университеттин жана өлкөбүздүн илимий-технологиялык потенциалын чыңдоого салым кошо беребиз деп ишенем.

Жаңы жыл сиздер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн, чоң ийгиликтердин жана жакшы жетишкендиктин жылы болсун!

Терең урматтоо менен,
Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун директору А.О. Рыспаев