2026-жылдын 11-майында 124-компьютердик класста “Информатика жана эсептөө техникасы” билим берүү программасынын студенттери менен, доцент Темиров М.А. «Жасалма интеллект жана адамдын этикасы» темасында талкуу өткөрдү. Бул тема Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүгүү максаттарынын ТӨМ 4 - Сапаттуу билим берүү, ТӨМ 9 - Индустрия, инновациялар жана инфраструктура багыттарына туура келет.
Талкуунун негизги максаты — жасалма интеллект технологияларынын өнүгүшү, анын коомго тийгизген таасири жана этикалык маселелери тууралуу маалымат берүү болду.
Талкуунун жүрүшүндө жасалма интеллекттин билим берүүдө, медицинада, коопсуздук системаларында жана маалыматтык технологияларда колдонулушу талкууланды. Ошондой эле жеке маалыматтарды коргоо, алгоритмдердин адилеттүүлүгү, адам укуктары жана технологияларды жоопкерчиликтүү пайдалануу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Семинардын жыйынтыгында студенттер жасалма интеллект технологияларынын мүмкүнчүлүктөрү менен катар анын коомдогу этикалык жоопкерчилигин дагы түшүнүштү.
Ошондой эле, 2026-жылдын 14-майында 124-компьютердик класста “Информатика жана эсептөө техникасы” билим берүү программасынын студенттери үчүн ага окутуучу Болотбаев Д.С. тарабынан «Жасалма интеллект билим берүү системасында» аттуу семинар өткөрүлдү. Бул тема Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүгүү максаттарынын ТӨМ 4 - Сапаттуу билим берүү багытына туура келет.
Семинардын максаты — билим берүү тармагында жасалма интеллект технологияларын колдонуу мүмкүнчүлүктөрү жана алардын артыкчылыктары тууралуу маалымат берүү болду. Семинардын жүрүшүндө жасалма интеллекттин окуу процессин автоматташтыруудагы ролу, билимди баалоо системалары, интеллектуалдык окутуу платформалары жана санариптик билим берүү ресурстары тууралуу түшүндүрмөлөр берилди. Ошондой эле студенттерге заманбап AI-технологияларды билим алууда туура жана жоопкерчиликтүү пайдалануу боюнча маалыматтар сунушталды.
Семинардын жыйынтыгында студенттер жасалма интеллекттин билим берүү тармагындагы мүмкүнчүлүктөрү жана аны натыйжалуу пайдалануунун мааниси тууралуу кеңири маалымат алышты.
(С) М.Темиров - “Информатика жана эсептөө техникасы” билим берүү программасынын жетекчичи, доцент

