Темиров Майрамбек Акбагышович
Руководитель ОП ИВТ
"Информатика жана эсептөө техникасы" билим берүү программасы
"710100 - Информатика жана эсептөө техникасы" билим берүү программасы - бул компьютерлерди жана эсептөө техникасын колдонуу менен маалыматты иштетүүгө байланышкан заманбап маалымат технологияларынын тармагы. Бул программа “Жасалма интеллект системалары үчүн программалык жана аппараттык чечимдер” адистиги боюнча адистерди даярдоого багытталган. Билим берүү программасынын окуу планы компьютердин архитектурасын, аппараттык-программалык комплекстерди, иштетүү системаларын, маалымат базаларын, алгоритмдерди жана маалымат структураларын, компьютердик тармактарды, программалоонун негиздерин жана компьютердик инженерияга тиешелүү башка предметтерди камтыйт.
Белгилей кетчү нерсе, компьютердик системалардын ички түзүлүшүнүн иштөө процесстерин түшүнгөн программисттин деңгээли ар дайым жөнөкөй программисттен өйдөрөөк турат жана салыштырмалуу эффективдүүрөк программаларды түзө алышы мүмкүн. “Информатика жана эсептөө техникасы” билим берүү программасы дал ушундай адистерди даярдайт.
Студенттер, компьютердин аппараттык-программалык комплекстерин, иштетүү системасынын иштөө принциптерин, алгоритмдерин изилдешип, ошону менен бирге программалык камсыздоону иштеп чыгууну жана эсептөө системаларын жана компьютердик тармактарды долбоорлоону жана эксплуатациялоону үйрөнүшөт. Окуу процессинде Түштүк Кореянын, Россия Федерациясынын кээ бир университеттеринде академиялык мобилдүүлүк боюнча окуп келүү мүмкүнчүлүктөрү да каралган.
Программанын бүтүрүүчүлөрү инженер-программист, системдик администратор, аналитик катары, ошондой эле, жасалма интеллект жана машина үйрөнүүнү колдонуу жана изилдөөдө боюнча адистер талап кылган башка тармактарда да иштей алышат. Бүтүрүүчү каалоосу боюнча магистратура жана докторантура программаларында билимдерин уланта алат. Жалпысынан айтканда, “Информатика жана эсептөө техникасы” билим берүү программасында бүгүнкү эмгек рыногунда талап кылынган, компьютердик жабдыктарды да, программалык камсыздоону да терең билген адистерди даярдоо ишке ашырылат.
“Информатика жана эсептөө техникасы” билим берүү программасы “Эсептөө системаларынын архитектурасын, аппараттык-программалык комплекстерин изилдөө, алгоритмдерди оптималдаштыруу, программалык камсыздоолорду иштеп чыгуу жана алардын билимде колдонулуштарын өнүктүрүү.” боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүдө. Изилдөөлөрдүн жыйынтыктары макала катары РИНЦ, Scopus журналдарына жарыяланып келет.
Программанын илимий-изилдөө потенциалын өнүктүрүү, актуалдуу темалар боюнча илимий иштерди жүргүзүү жана натыйжаларын практикага киргизүү максатында студенттер окутуучулар менен бирге жергиликтүү жана эл аралык конференция, илимий семинарларга, студенттик илимий долбоорлорго, хакатон жана стартап форматындагы иш-чараларга жигердүү катышып ийгиликтүү сертификат, сыйлыктардын ээлери болушууда.