Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институту
Жүктөө

КУУда "Жасалма интеллект доорунда илим, билим берүү жана санариптик инновациялар" аттуу конференция болуп өттү

КУУда "Жасалма интеллект доорунда илим, билим берүү жана санариптик инновациялар" аттуу конференция болуп өттү

2026-жылдын 22-майында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Жасалма интеллект доорунда илим, билим берүү жаңы санариптик инновациялар” аталышындагы илимий-тажрыйбалык эл аралык конференция болуп өттү.

Иш-чараны КУУнун инвестициялары боюнча проректор Гүлбара Сыдыкова ачты. Илими жыйынга ЖОЖ окуу жайы, докторант, магистрант жана Корея Республикасынын профессору, окуумуштуулар катышты.

Конференциянын пленардык отурумунда жаштарга интеллектке байланган бир катар актуалдуу темалар талкууланып, санариптик сабаттуулуктун мааниси Өзгөчө белгиленет. Мындан тышкари ЖИ доонундагы эн чон коркунучтардын бирине айланып жаткан "акылдуу" алдамчылык - deepfake, cyberkoopsuzduk  тууралуу кенири соз болуп, катышуучулар суроо-зооп форматында пикир алышты.

Конференциянын алкагында эки секция иш алып барып, анда жашалма интеллект, машиналык окуу жана интеллектуалдык маалыматтык системалар, санариптик билим берүү, генеративдик технологиялар жана инновациялык экосистемалар боюнча билим берүү окуулары.

Кунун Компьютердик технологиялар жана жашалма интеллект институту уюуштурган иш-чаранын максаты - санариптик дордо өз ара тажрыйба алмашуу максатын көздөдү.

Эл аралык конференциянын жыйнтыгында токтом кабыл алынды, катышуучуларга сертификат тапшырылды.