2026-жылдын 3-февралында Плаза мейманканасынын “Дипломат” конференц-залында LUPIC долбоорунун алкагында Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун жана Кыргыз-Корея колледжинин профессордук-окутуучулук курамы үчүн квалификацияны жогорулатуу боюнча семинар болуп өттү.
Иш-чараны уюштурган Кемюнг университетинин делегациясынын курамында:
- Joo Hong Taek - LUPIC долбоорунун директору, профессор;
- Ли Док Ву - профессор;
- Ким Йохан - профессор;
- YunJi Lee LUPIC-Kyr административдик командасынын өкүлү.
Иш-чаранын жүрүшүндө профессор Ли Дук Ву программалык камсыздоо инженериясы боюнча, ал эми профессор Ким Йохан маалымат илими боюнча лекция окуду.
Семинар программалык камсыздоо инженериясы жана маалымат таануу тармагындагы заманбап окутуу ыкмаларын жана учурдагы технологиялык тенденцияларды алмашууга багытталган.
Мындан тышкары, иш сапардын алкагында профессор Жу Хонг Тэк, Юн Чи Ли, ошондой эле ИКТИнин директору Рыспаев Амантур, ИКТИнин жасалма интеллект бөлүмүнүн башчысы Шекеев Кубандын катышуусунда жумушчу жолугушуулар өткөрүлдү. Катышуучулар LUPIC долбоорун ишке ашырууну жана Корея Республикасы менен Кыргыз Республикасынын университеттеринин ортосундагы академиялык байланыштарды чыңдоону талкуулашты.
(С) Сыдыкова Махабат - ICTII доценти




