Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун "Программалык камсыздоо инженериясы" багыты боюнча 1-курсунун студенти Нуриев Нуркен Oscar & Sons Group тарабынан уюштурулган хакатондо 2-орунду ээледи. Жыйынтыгында ал медаль жана сертификат менен сыйланган, ошондой эле компаниянын кадрдык резервине киргизилген.
2026-жылдын 18-апрелинде Жогорку Технологиялык паркта өткөн хакатон өз ара аракеттенүүнүн жаңы форматтарын киргизүүгө жана студенттердин инженердик, IT жана консалтингдик компетенциялар тармагындагы потенциалын өнүктүрүүгө багытталган. Бизнес, илим жана инновациялар ортосундагы байланышты чыңдоого өзгөчө көңүл бурулду.
Институттун жетекчилиги жана профессордук-окутуучулук жамааты Нуркенди жогорку жетишкендиги менен чын жүрөктөн куттуктайт жана анын чечкиндүүлүгү, билими жана профессионалдык потенциалы мындан аркы ийгиликтердин жана жаңы жеңиштердин негизи болуп каларына ишенимин билдирет, ошондой эле анын мындан аркы өсүшүн жана алдыга койгон бардык максаттарынын ишке ашышын каалайт.
(С) Жунушалиева Б.А. — Илим жана билим берүү программаларын санариптештирүү боюнча директордун орун басары