2025-жылдын 18-декабрында IT адиси Мирлан Ипасов Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун студенттери үчүн “Колдонмо AI: теориядан реалдуу долбоорлорго” деген темада тренинг өткөрдү.
Иш-чара билим берүү жана практикалык мүнөздө болуп, катышуучуларды жасалма интеллекттин заманбап мүмкүнчүлүктөрү жана аны турмушта колдонуу менен тааныштырууга багытталган. Тренинг жеткиликтүү жана түшүнүктүү формада өттү, бул студенттерге талкууларга активдүү катышууга жана суроолорду берүүгө мүмкүндүк берди.
Тренингдин жүрүшүндө Мирлан Ипасов студенттерди жасалма интеллект тармагында колдонулган программалар жана аспаптар менен тааныштырды. Нейрондук тармактар, чат боттору жана машина үйрөнүү системалары менен иштөөнүн мисалдары каралып, популярдуу AI платформалары жана кызматтары көрсөтүлдү. Бул технологияларды окуу иш-чараларында, долбоордук иштерде жана студенттердин келечектеги кесиптик практикасында колдонуу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Жыйынтыктап айтканда, тренингдин катышуучуларга прикладдык жасалма интеллект жана анын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө негизги түшүнүктөрдү бергендиктен, пайдалуу жана актуалдуу болгондугу белгиленди. Иш-чараны улук окутуучу Өмүралиева Бакыт уюштуруп, анын аркасында окуу жогорку уюштуруучулук деңгээлде жана жагымдуу тарбиялык маанайда өттү. Катышуучулар баалуу билимдерди жана AI жана санарип технологияларды андан ары изилдөө үчүн мотивация алышты.
(С) Жунушалиева Б.А. — Илим жана билим берүү программаларын санариптештирүү боюнча директордун орун басары

