2026-жылдын 1-апрелинде “Capital Bank of Central Asia” ААКнын өкүлдөрү Global Money Week 2026 эл аралык финансылык сабаттуулук жумалыгынын алкагында Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун студенттери үчүн “Инсандын финансылык өнүгүүсү: адаттар, тартип, натыйжалар” деген темада конок лекциясын окушту. Иш-чараны ИКТИнин «Бизнес-информатика» билим берүү программасынын доценти Н.Жумабекова уюштурду.
Иституттун директору А.О.Рыспаев иш-чаранын катышуучуларына куттуктоо сөзүн сүйлөп, студенттердин финансылык сабаттуулугун жогорулатуунун маанилүүлүгүн жана мындай билим берүү демилгелеринин актуалдуулугун белгиледи.
Лекциянын жүрүшүндө банктын адистери:
- жеке каржыны башкаруу боюнча практикалык тажрыйба бөлүштү;
- заманбап каржы рыногундагы учурдагы тенденциялар жөнүндө айтып берди;
- туруктуу натыйжаларга жетүү үчүн каржылык адаттарды жана тартипти өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн ачып берди;
- студенттердин жана бардык кызыккан угуучулардын суроолоруна жооп берди.
Лекциянын катышуучулары бюджетти сарамжалдуу пландаштыруу, финансылык жоопкерчилик жана жеке каражаттарды эффективдүү башкаруу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө баалуу билимдерге ээ болушту. Өзгөчө кызыгууну туудурган практикалык сунуштар жана банк ишинин реалдуу учурлары болду.
Мындай иш-чараларды өткөрүү студенттердин финансылык сабаттуулугун жогорулатууга, алардын экономикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана жеке каржыга жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырууга жардам берет.
(С) Жунушалиева Б.А. — Илим жана билим берүү программаларын санариптештирүү боюнча директордун орун басары